Буга чейин дайынсыз болуп, изделип жаткан 3 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Кечээ, 26-июнда саат 18:30 чамасында милиция тарабынан 2019-жылы туулган кыз Бишкек шаарынын аймагынан аман-эсен табылды. Ленин РИИБдин кызматкерлери кыздын ата-энеси менен сүйлөшүү жүргүзүп, кызды өткөрүп беришти. Учурда окуянын бардык жагдайлары аныкталып жатат.