Royal
SerepTV Logo

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 36 жаштагы киши табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 36 жаштагы киши табылды
Милиция кызматкерлери буга чейин дайынсыз болуп жаткан жаранды тапты. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 13-апрелде саат 11:00 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан буга чейин дайынсыз болуп жаткан жаран аман-эсен табылган. 2-апрелде милицияга аял киши кайрылып, 1986-жылы туулган уулун таап берүү суранычы менен арыз жазган. Анын үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирген. Учурда бардык жагдайлар аныкталып жатат.