Милиция кызматкерлери буга чейин дайынсыз болуп жаткан жаранды тапты. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-апрелде саат 11:00 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан буга чейин дайынсыз болуп жаткан жаран аман-эсен табылган. 2-апрелде милицияга аял киши кайрылып, 1986-жылы туулган уулун таап берүү суранычы менен арыз жазган. Анын үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирген. Учурда бардык жагдайлар аныкталып жатат.