Бишкекте дайынсыз болуп жаткан бир туугандар аман-эсен табылды (видео)

20-февралда Свердлов РИИБге жаран арыз менен кайрылып, анын 2017 жана 2019-жылы туулган балдары Бишкектеги Рязанская көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирген. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.

Ошол эле күнү балдар Аламүдүн районунан аман-сен табылып, апасына өткөрүлгөн. Учурда бардык жагдайлар аныкталып жатат.