Бишкекте дайынсыз болуп жаткан келин менен анын 4 жаштагы кызы табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан келин менен анын 4 жаштагы кызы табылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

18-октябрда милицияга жаран кайрылып, 1982-жылы туулган эжеси Орозбаева Нургүл Мурзакуловна жана анын 2019-жылы туулган кызы Нурлан кызы Айбийке ошол эле күнү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барбаганын билдирип, милиция аларды издеп жаткан.