Бишкекте дарыгерлер ташка какаган баланы аман алып калышты

Бишкектеги №3 Балдар ооруканасынын дарыгерлери ташка какаган баланы аман алып калышты. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

«Бала тамакка эмес, ташка какаган. Дарыгерлер балага жардам көрсөтүштү. 1 жаштан 4 жашка чейинки балдары бар ата-энелер, балдарыңарга көңүл буруңуздар. Дем алуу жолдоруна белгисиз зат тыгылып калуу бала үчүн абдан коркунучтуу. Бала кичинекей, ал эми аны алып чыгуу оор»,— дешти.