Бишкекте демонтаждоо иштери уланууда: 100 эски жарнама алынды

Бишкек шаарынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында борбор калаадагы көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Учурда Жукеев-Пудовкин жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 100 жарнамалык конструкциялар демонтаждалган. Коопсуздукту камсыздоо максатында Бишкек шаардык МАИ кызматкерлери ишти жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүдө.