Бүгүн, 23-декабрда Бишкектеги Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы жаңы скверь ачылды. Аны шаар мэри Айбек Жунушалиев ачты.
«Буга чейин бул жерде башаламан унаа токтотуучу жай болгон. Демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен парктын курулушу бүткөрүлдү. Бул жерде автоматташтырылган сугат системасы, отургучтар, кичи фонтан жана жарыктандыруу орнотулган», — деп жазылат билдирүүдө.