Бишкекте «Дордой Моторс» базарынын соодагерлери митингге чыкты

Максим Горький атындагы сейил бакта «Дордой Моторс» базарынын соодагерлеринин митинги өтүүдө.

Чогулгандар соода патентин калтырууну, кассалык машиналарды колдонбоону талап кылышууда. Алар бийликтен митингчилерди жоопко тартпоого чакырышууда. Анткени алар өз укугун коргоп жатышат. 

«Биз иштебей, митингге чыгууга аргасызбыз. Кассалык аппаратты орнотуу кимдин кызыкчылыгы үчүн? Бизге мунун кереги жок», — дешет митингчилер.