Бишкекте Душанбеден келген биринчи учакты суу чачып тосуп алышты. Видеосун аэропорттун басма сөз кызматы жарыялады.
Кечээ эки өлкө президенттери Кыргызстан менен Тажикстандын авиакаттамы жанданарын айтышкан. Бүгүн Бишкектен Душанбеге дагы рейс пландалган.