Бишкекте Эгемендүүлүк күнү салют атылбайт. Эмне үчүн?

31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарында майрамдык салют атылбайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим биринчиден, айлана-чөйрөнү коргоо максатында кабыл алынган. Экинчиден, жаркыраган көз ирмемдик шоу көп акчаны талап кылат жана фейерверктен баш тартуу муниципалдык бюджетти үнөмдөйт.