Бишкекте эки жылдын ичинде 60 көчөнүн жолун жаңылоо пландалууда

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн жолдорун калыбына келтирүүнүн экинчи этабынын алкагында Бишкек шаарынын 60 көчөсүн оңдоо пландаштырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Уезбаев билдирди.

“2020-жылы Кытай компанияларынын катышуусунда борбордун көчөлөрүн калыбына келтирүү боюнча долбоордун экинчи этабы үчүн сынак өткөрүлүп, жеңүүчү аныкталган. 2020-жылдын 17-сентябрында жеңүүчү — China Road жана Bridge Corporation менен келишим түзүлгөн.
Ишке ашыруу 2020-жылдын 5-октябрында алты көчөдөн башталды. Кыштын башталышынан бүгүнкү күнгө чейин көчө инспекциясы жүргүзүлөт. Эки жылдын ичинде бүткөрүлө турган 60 көчө бар: 2021-жылы — 43 көчө, 2022-жылы — 17 көчө бүтүшү керек.”— деди ал.

Ал биринчи фаза 2020-жылы толугу менен аяктаганын эске салды. Ошондой эле, узундугу 38 чакырымды түзгөн 23 көчөнү калыбына келтирүү долбоору аяктады. Үнөмдөлгөн каражат Москва, Совет жана Манас көчөсүн калыбына келтирүүгө жумшалган.

Буга чейин мэрия 15-мартта Сухэ-Батор, Каралаев, Шабдан Баатыр, Ташкент, Турусбеков жана Тоголок Молдо көчөлөрүндө калыбына келтириле тургандыгын билдирген.

Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү боюнча долбоордун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында Бишкек шаарында 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда.