Бишкекте эки мечитке бет кап режимин сактабаганы үчүн айып салынды

Бишкекте бет кап режимин жана зыяратчылардын ортосундагы аралыкты сактабагандыгы үчүн эки мечитке айып пул салынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Свердлов районунда мобилдик топ аймактагы мечиттер менен чиркөөлөрдү дагы бир жолу текшерүүгө алган. 

Аймакта жалпы 67 ислам жана 29 христиан мекемелери жайгашкан. «Текшерүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп билдирди мэрия.