Бишкекте электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча Улуттук энергетикалык холдингден маалымат беришти

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкектин түндүк аймагынын тургундары электр жарыгынын жоктугуна нааразычылыгын айтышкан.

Маалыматтарга караганда, Жибек-Жолу көчөсүнүн төмөнкү бөлүгү болгон Махатма Ганди көчөсүндө электр жарыгы жок, жол чырактар да ​​иштебей калган. Ак-Ордо жана Ала-Тоо конуштарынын жашоочулары да электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы. Ошондой эле түнкүсүн Манас айылы көчөсүндө түнкүсүн электр жарыгы жок болуп, жарык эртең менен саат 07:20да берилген. Ала-Тоо конушунда кечки саат 5-7ге чейин электр жарыгы жок болгон. Арча-Бешикте да өткөн түнү электр жарыгы 1,5 саатка өчүрүлгөн.

Улуттук энергетикалык холдингден жарыктын өчүрүлүшү тууралуу маалымат беришти. «Абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу электр энергиясын керектөөнүн бир кыйла өскөндүгү байкалды. Электр жабдыктарындагы жүктүн жогорулашына байланыштуу жабдууларды мүмкүн болгон авариядан сактап калуу максатында автоматтык өчүрүүлөр болгон. Ишкана убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Ошол эле учурда калкты электр энергиясын этияттык менен колдонууга, көп учурда энергияны көп талап кылган электр шаймандарын күйгүзбөөгө жана жылытуунун альтернативдүү түрлөрүнө өтүүгө чакырабыз», — дешти.