Бишкекте эң кооз автобус тандалды (сүрөт)

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы автобустарды жаңы жылга карата креативдүү долбоорлоо боюнча жыл сайын өтүүчү сынактын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Жүргүнчүлөргө майрамдык маанай тартуулоо үчүн айдоочулар коомдук транспорттун салонунда өз колдору менен жаңы жылдык жомокту жасашты.

Сынактын жыйынтыгында №40 автобустук каттам мыкты деп табылса, 2-орунду №6 автобустук каттам ээлеп, 3-орунду №226 автобустук каттам ээледи.