Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылды. Милиция өздүгүн аныктоого жардам сурайт

Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жансыз денени 1-мартта саат 15:40 чамасында Чуйков менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинен табышкан. Милициянын айтымында, эркек киши 35-40 жаштарда.

Өзгөчө белгилери: бою 175-177 см, чачы ак-кара, сол ийнинде, мойнунда кыздын сүрөтү түшүрүлгөн татуировка, үстүңкү жаагында темир тиши бар.

Кийген кийими: Кара куртка, «NIKE» эмблемасы бар кызыл спорттук күрмө, көк куртка, «Hetero» жазуусу бар кара спорттук шым, «Hanes» жазуусу бар ак байпак. Сөөктүн жанынан кара бут кийимдер табылган.

Милиция аталган адам тууралуу маалыматы бар адамдардан төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0(704) 102-702, 0(554) 102-148, 0(312) 54-32-48 же 102.