Эртең эки маршруттук троллейбустун иштөө графиги убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы өткөрүп жаткан ремонт иштерине байланыштуу эртең саат 9:00дөн 16:00гө чейин №8 жана №9 каттамындагы троллейбустук линия электр менен камсыздоодон өчүрүлөт.
Бул убакыт аралыгында аталган троллейбустар жүрбөйт.