Бишкекте эртең эки маршруттук троллейбустун иштөө графиги убактылуу өзгөрөт

Эртең эки маршруттук троллейбустун иштөө графиги убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы өткөрүп жаткан ремонт иштерине байланыштуу эртең саат 9:00дөн 16:00гө чейин №8 жана №9 каттамындагы троллейбустук линия электр менен камсыздоодон өчүрүлөт.

Бул убакыт аралыгында аталган троллейбустар жүрбөйт.