Бишкекте эртеңден тарта жаңы автобус каттамы ачылат. Схемасы

Бишкек шаарында 25-январдан тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет. Мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана экологиялык жактан таза транспорт түрүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Айтматов проспекттерин камтыйт. Анын узундугу 24 чакырым, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт.

Каттамда 25 автобус кызмат көрсөтөт. Аталган каттам №55 маршруттун карама-каршы багыты боюнча жүрөт. Буга чейин мэрия Бишкекти чоң унаалар менен айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландаган.