Бишкекте эртеңден тарта жол кире кымбаттайт

Бишкекте 30-январдан тарта коомдук транспортто жол кире көтөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Борбордогу коомдук транспортто жол кире акысы:

— троллейбуста — 17 сом;

— автобуста — 17 сом;

— маршруткаларда — 20 сом;

— валидаторлор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда жол кире акысын накталай акча менен төлөөдө – 20 сом.

Ошол эле учурда жарандар MegaPay тиркемеси аркылуу төлөшсө, жол кире акысы 11 сомду түзөт, анткени MEGA мамлекеттик ишканасы муниципалитетке 6 сомду кайтарып берет. Жаңы тариф борбор калаанын пенсионерлерине эч кандай таасир этпейт жана алар үчүн мурдагыдай эле калат. Алар муниципалдык транспортко (автобус, троллейбус) акы төлөөдөн толугу менен бошотулган, ал эми кичи автобустарда 8 сомдон жеңилдетилген тариф менен төлөшөт.