Бишкекте эс алуу жайларынан кайткан бардык унаалар текшерилет

Майрам күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери эс алуучу жайларда, эл көп топтолуучу жайларда жаарандардын коопсуздугу үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Кечкисин шаарга кире бериш жайларда атайын күзөттөр орнотулуп, эс алуудан келе жаткан унаалардын баары текшерилет. Айрыкча спирт ичимдигин ичип, мас абалында унаа башкаргандарга катуу чаралар көрүлөт.