Бишкекте эски көрнөк-жарнактар алынып жатат

Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы “Тазалык” ишканасы менен биргеликте Октябрь районундагы көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштерин баштады. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Эски металл конструкциялар өз ордун заманбап LED экрандарга бошотуп, шаарды инновациялык жана жагымдуу кылат. Тургундарга ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери ыкчам жүргүзүлүүдө. Жарнамалык структураларды жаңылоо — Бишкекти заманбап жана ыңгайлуу борборго айландыруунун дагы бир кадамы.