Техникалык абалы өтө начар унаа менен такси айдап жүргөн айдоочуга 5 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
«Техникалык абалы өтө начар абалындагы унаа менен жүргүнчүлөрдү ташып, кооптуу абалда такси кылып жүргөн айдоочуну ЖКККББнын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов токтотуп, айдоочуга карата 5500 сом айып салдырды»,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мындай көрүнүш ичиндеги жүргүнчүлөргө кооптуу экендигин билдирип, таксиге чыгаар учурда унаанын техникалык абалына көңүл буруп, таза, тыкан абалда гана жүргүнчүлөрдү ташуу керек экендигин эскертти.