Бишкекте эстеликтер жана монументтерге QR-код коюу демилгеленүүдө

Бишкекте монументтер, эстеликтер жана тарыхий имараттарга атайын QR-коддорду орнотуу демилгеленүүдө. Демилгенин авторлору коомдук активисттер.

Атайын штрих-коддорду мобилдик телефон аркылуу сканерден  өткөрүп алып, эстелик тууралуу толук маалымат алууга болот.

Долбоор Este.kg деп аталып, анын негизги максаты-саякатка келген же ички саякатта жүргөн адамдар шаар ичинде көргөн эстеликтери тууралуу толугураак маалымат алып, туризм тармагына салым кошуу. Тиркемеде уникалдуу фактылар, сүрөттөр, кишинин алдында турган эстелик тууралуу, эстеликтеги киши тууралуу, ага арналып жарыяланган эмгектер тизмеси чыгат. Мунун баары бир тиркемеде жеткиликтүү болот.