Буга чейин дайынсыз болуп жаткан кыз Чүй облусунун аймагынан табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-мартта Биринчи Май РИИБге кыздын апасы кайрылып, 2006-жылы туулган кызы дайынсыз болуп жатканын айтып, табууга жардам берүүнү суранган. Апасы кызы 28-февралда үйүнөн чыккан бойдон катып барбаганын билдирген.
Милиция кызды таап, ата-энесине өткөрүп берген. Учурда бардык жагдайлар аныкталып жатат.