Бишкекте футзал боюнча «Мурас» мелдешинде «Ден соолук» командасы жеңүүчү болуп, 400 миң сом утуп алды

Кечээ, 26-май мелдештин экинчи күнүндө оюнга президент Садыр Жапаров «Президенттин командасы» курамы менен катышты.
Мелдешке ар кандай тармактардын өкүлдөрүнөн топтолгон 16 команда катышты. Байге фондусу 1 миллион сомду түздү. Жеңүүчү катары «Ден соолук» командасы аталып, 400 миң сом утуп алды. Экинчи орунду «Коопсуздук» командасы ээлеп, 300 миң сом байге алса, үчүнчү орунга 200 миң сом алган «Спорт чеберлери» командасы жетишти.
«Президенттин командасы» курамы төртүнчү орунду алып, 100 миң сомдук сертификат менен сыйланды.
Мындан тышкары оюндардын жыйынтыгы боюнча «Мурас-2024» мелдешиндеги мыкты дарбазачыга, мыкты чабуулчу жана мыкты оюнчуга жекече сыйлыктар тапшырылды. Жеңүүчүлөр жана сыйлык ээлери кубокторду жана медалдарды алышты. Сыйлоо аземинин соңунда эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.