Бишкекте инсулин жетишсиз болуп жатабы? Министрликтин жообу

Саламаттыкты сактоо министрлиги инсулиндин жетишсиздигине байланыштуу комментарий берди. Министрликтин басма сөз кызматы борбор калаадагы тартыштык аймактардан келген резервдердин эсебинен жабыла турганын билдирди.

«Левемир жана новорапид сыяктуу дарылардын чектелген саны кант диабети менен ооругандардын ички миграциясы жогору болгон Бишкек шаарында гана белгиленет. Аймактарда аталган дары-дармектер жетиштүү санда – беш айга чейинки кору менен бар. Бул көйгөйдү чечүү үчүн министрлик өткөн аптадан бери бейтаптардын учурдагы муктаждыктарын эске алуу менен аталган инсулиндерди аймактардан Бишкекке кайра бөлүштүрүү иштерин жүргүзүүдө», — деп билдиришти.

Буга чейин кант диабетинин 1-түрү менен ооруган балдардын ата-энелери журналисттерге кайрылышкан. Алар инсулин запасы түгөнүп калганына нааразы болушкан.