Бишкекте Бирюков Иван Иванович дайынсыз болуп изделип жатат. 28-августта анын жубайы милицияга кайрылган.
Иван Бирюков 26-августта үйүнөн кызыл түстөгү Volkswagen Passat унаасы менен чыккан. Ошол бойдон кайрылып барган эмес. Аталган факты каттоого алынган.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312 35 29 47, 0312 35 26 05 номурларына чалсаңар болот.








