Бишкекте изделип жаткан 11 жаштагы өспүрүм табылды (видео)

22-январында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жаран 2012-жылы туулган жашы жете элек уулун табууга көмөк көрсөтүү жөнүндө арызы менен кайрылган. Ал 22-январда Бишкек шаарынын Дордой-1 жаңы конушунда жайгашкан жеке үйлөрдүн биринен чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Аталган факты боюнча бардык керектүү издөө-иликтөө иш-чаралары башталган. Өспүрүм табылып, аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилди. Учурда окуянын бардык жагдайлары такталууда.