Бишкекте изделип жаткан 14 жаштагы кыз табылды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан Наили Жашбаева табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Буга чейин милиция маалымат таратып, 5-сентябрда жаран кайрылып, 2010-жылы туулган кызы 4-сентябрда Ленин райондук акимчилигинен чыгып, мектепти көздөй кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.