Бишкекте Израиль ырчыларынын концерти өтөбү? Расмий жооп

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улутук филармониясында Израиль ырчыларынын концерти өтпөйт жана социалдык тармактарда жарыяланып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

«Концертти уюштуруучулар менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын ортосунда эч кандай келишим түзүлгөн эмес. Учурдан пайдаланып Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги коомчулуктан такталбаган маалыматты бөлүшпөөгө чакырат»,- дешти.

Кечээ, 9-январда социалдык тармактын колдонуучулары Бишкекке концерт коюп Израиль ырчылары келерин жазышып, каршы экенин билдиришкен болчу.