Коронавирус. Бишкекте жайгашкан соода борборлорунда тогуз эмдөө пункту ачылат

Бишкекте коронавируска каршы эмдөөчү тогуз пункт соода борборлоруна жайгаштырылат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Октябрь районунда үч, Биринчи Май, Свердлов жана Ленин райондорунда экиден пункт болот. Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева Свердлов жана Октябрь райондорундагы «Космопарк», «Таш-Рабат», «Детский Мир», «Чынар» соода борборлорунда жана «Семетей» гимназиясында болду. Ал белгилегендей, эмдөө жүргүзүлүүчү жерлерде баргандар үчүн бардык шарттар болушу керек.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууну суранат