Бишкекте жалпы ишембилик 23-мартта башталат

Аба ырайына байланыштуу Бишкек шаарында жалпы ишембилик 23-мартта өтөт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Жарыяланган эки айлыктын алкагында Бишкек мэриясы менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды жана мекемелерди, чарба субъектилерин жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Бишкек шаарында 11-марттан 11-майга чейин борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган.