Бишкекте жаңы Ак Үйдүн ачылышы болду (видео)

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы Ак Үйдү расмий ачты.

Салтанаттуу аземге биринчи айым Айгүл Жапарова, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, бийлик жана дин өкүлдөрү, депутаттар, ишкерлер, маалымат каражаттарынын жетекчилери жана башкалар катышты. 

Президенттин администрациясы, өкмөт өкүлдөрү иштей турчу бул жаңы имарат эки жыл мурда салына баштаган. Ак үй «Ынтымак — Ордо» деп аталмакчы. Жеринин жалпы аянты 25,7 гектарды түзөт.