Бишкекте жаңы автобустар каттамга чыкты жана алар бир апта бою элди бекер ташыйт (сүрөт)

Бишкекте 50 жаңы автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Автобустардын узундугу 6,9 метр, эки эшиктүү, 16 орундуу жана сыйымдуулугу 38 киши.

 Өзбекстандан келген автобусар төмөнкү каттамдарда жүрөт: 
— №10 маршрут Ак-Ордо — айланма;
— №11 маршрут Ак-Ордо – айланма;
— №12 маршрут Маевка айылы – Көк-Жар айылы;
— №13 маршрут Муромская көчөсү – Кырман конушу;
— №14 маршрут №12 кичи район – Ак-Ордо конушу.

Маалыматка караганда, автобустар шаар тургундарын жана конокторун 1 жума акысыз ташыйт.