Бишкекте жаңы жолдун ачылышы болду

Жаңы унаа жол кыймыл үчүн ачык. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкек шаарында Жайыл баатыр көчөсү Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн ачылышы болду. Жаңы алты тилкелүү жол чыгыш-батыш багытындагы Орок айыл өкмөтү менен Бишкек шаарын байланыштырат. Негизги жолдун боюнда жашаган шаар тургундарынын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жергиликтүү маанидеги жол каралган.

Белгилей кетсек, жол айланма болуп Муромский, Б.Алыкулов көчөлөрүн, ЖЭБ-2 өтмөгүн бириктирет, бул борбор калаанын түштүк тарабында жайгашкан жолдордо тыгындарды азайтууга мүмкүндүк берет. Курулуш Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө- жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.