Бишкекте Жаңы жыл түнү 2 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Бишкекте Жаңы жыл түнү 2 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден маалымдашты.

Маалыматка караганда, борбордук милициянын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте Бишкекте жарандардын коопсуздугун камсыздап, укук тартипти коргоп көзөмөлдөшөт. Жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда жакынкы милиция кызматкерине кайрылып же 102 кыска номуруна чалуу абзел.