Бишкекте жаңы жылдык концерт саат 19:00дө башталат. Автобус жана троллейбус түнгө чейин жүрөт

Бишкек шаарынын мэриясы 31-декабрда борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн кызыктуу жаңы жылдык программа даярдады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Саат 19:00дө «Ала-Тоо» аянтында борбор калаанын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топтору менен улуттук эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт башталат.

Жаңы жылдык иш-чара саат 00:00дө 2024-жылкы Жаңы жыл түнү менен аяктайт. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн автобус жана троллейбус каттамдары саат 00:30дан тарта каттайт.

Жаңы жыл майрамына байланыштуу Чүй проспектиси боюнча Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин унаа кыймылы токтотулат.