Бишкекте жаңы салынган мамлекеттик мончо ачылды

Мончо-ден соолукту чыңдоо комплекси шаардыктарды кабыл алат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Имарат эки кабаттуу, жалпы аянты 2705,41 чарчы метрди түзөт, 240 орундуу (120 эркек жана 120 аял), буу бөлмөсү, бассейн, гардероб, массаж бөлмөсү, сулуулук салону, эс алуу бөлмөсү, намазкана жана ашкана, майыптыгы бар жарандар үчүн лифт, автопарк бар.

Иштөө режими – күн сайын эртең мененки саат 8:00дөн түнкү саат 22:00гө чейин.