Бишкекте жаңы салынып жаткан үйдүн өрттөнүшү. «Аалам Стройдун» лицензиясы убактылуу токтотулду

12-августта Бишкектеги Анкара көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Буга байланыштуу Мамкурулуш агенттиги маалымат таратып, «Аалам Строй» ЖЧКсынын лицензиясы токтотулганын билдирди.

«Анкара көчөсүндө жайгашкан курулуп жаткан 12 кабаттуу турак үйдүн чатырында өрт чыккандыгына байланыштуу лицензия берүү жана мамлекеттик квалификациялык сертификациялоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды кароо боюнча комиссиянын жыйынында «Аалам Строй» ЖЧКсынын лицензиясын токтото туруу маселеси каралды.

14-декабрда Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген №678 иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 21-беренесинин 4-пунктуна ылайык лицензиат тарабынан адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоочу лицензиялык талаптар бузулгандыгына байланыштуу комиссиянын чечими менен «Аалам Строй» ЖЧКсынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду»,- деп айтылат маалыматта.