Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайдын чарчап калышы. Милиция тергөө иштерин баштады

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калды. Маалыматтты Октябрь РИИБден тастыкташты.

22-апрелде Бишкектеги Октябрь РИИБге аял киши арыз жазып, 18-апрелден 22-апрелге чейин жаңы төрөлгөн ымыркайына карата өзүнүн кесиптик милдеттерин туура эмес аткарып, кийин ымыркайдын чарчап калганына байланыштуу медициналык кызматкерлерге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.