Бишкекте жаныбарларды коргоочулар үйсүз жаныбарларды атууга каршы митингге чыгышты

Бишкекте жаныбарларды коргогон активисттер жана ыктыярчылар үйсүз жаныбарларды атууга каршы митингге чыгышты. Митинг Бишкек мэриясынын алдында башталган. 

Катышуучулар жаныбарларга ырайымсыздыкты токтотууну талап кылган баннерлерди көтөрүп чыгышты.  Чогулган жарандар Өкмөт үйүнүн имаратына жөнөштү.

Эске сала кетсек, мындай акция Бишкекте акыркы жолу 10-февралда болгон. Мэрия жолбун иттерди атууга бир айга мораторий киргизип, борбордун көчөлөрүндөгү жаныбарлардын популяциясын көзөмөлдөөнүн дагы бир вариантын кароону убада кылган. Бирок, бир айдан кийин жолбун иттерди атуу улантылган.