Бишкекте жаран бактан секирип, өз жанын кыюуга аракет кылды

Куткаруучулар өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткан 43 жаштагы жаранды аман алып калышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 27-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь районунда 1982-жылы туулган эркек киши бакка чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, ыкчам аракеттердин натыйжасында, куткаруу шаймандарынын жардамы менен бактан түшүрүшкөн.