Бишкекте жаранды бычак менен коркутуп, кымбат сааттарын тартып алган шектүү кармалды

Милиция тарабынан каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-мартта Октябрь РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 12:50 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин алдынан бычак менен коркутуп, көзүнө баллондогу газ чачып, 3 даана «Чайка» кол саатын тартып кеткенин билдирген. Келтирилген чыгым 400 миң сомду түзгөн.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган жаран кармалган. Ал соттук чечими менен СИЗО-1ге камакка алынган.