Бишкекте жарандык активисттердин кезектеги жөө жүрүшү өтүп жатат

Бүгүн, 21-мартта Бишкекте жарандык активисттердин кезектеги жөө жүрүшү өтүп жатат. Ал өткөн жылдын ноябрь айынан бери аптанын ар жекшемби күнү уюштурулуп келет. Адаттагыдай эле жөө жүрүштүн катышуучулары темир жол бекетинин жанына чогулуп, учурда алар «Ала-Тоо» аянтын көздөй бара жатышат.

«Баштан башта» кыймылы тараткан маалыматка ылайык, бул жолку жөө жүрүштө алар бул апта ичинде орун алган жарандык активисттердин кармалышы, алардын үйүндө тинтүү жүргүзүлүшү, артынан түшүү жана кысым көрсөтүү боюнча мыйзамдуулукту талап кылышат.