Бишкекте жарандын 250 миң сом акчасын уурдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

28-ноябрь кунү Биринчи Май РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Арызында 28-ноябрь күнү болжол менен кечки саат 22:00 чамасында Ала-Арча көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинен белгисиз адам, күч колдонуп, 250 миң сомдон ашык акча каражатын алып, из жашырып кеткен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары мурда соттолгон 1989-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.