Бишкектин Октябрь районунда жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Октябрь администрациясынын кызматкерлери Бишкек мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жана «Тазалык» ишканасы менен биргеликте Кулатов-Ибраимов көчөсүндө рейд өткөрүштү. Рейд мыйзамсыз жарнамалар менен күрөшүү жана борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн калыбына келтирүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Рейддин жүрүшүндө имараттардын фасадына орнотулган 38 баннер, 2 мамы жана 2 тепкич аныкталып, демонтаждалган.