Бишкекте жарнаманы жайгаштыруу боюнча рейд өтүп жатат

Борбор калаада тышкы жарнаманы жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Рейддин жыйынтыгында Лумумба көчөсүн бойлой Ден Сяопин көчөсүнөн баштап Профсоюз көчөсүнө чейин 30га жакын жарнамалык конструкциялар алынды. Кийинки күнү райондук салык кызматы менен биргеликте Фучик көчөсүнөн баштап Кустанай көчөсүнө чейин узундугу 3,5 чакырымды түзгөн Профсоюз көчөсүндөгү күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча текшеришти. Жыйынтыгында АИ-92 үлгүсүндөгү 200 литр бензин алынып, 12 миң сом өлчөмүндө 4 протокол түзүлдү. Жыл башынан бери 1 миллион 890 миң сом каражатка 324 протокол түзүлгөн.