Бишкекте жаш активисттер абанын булганышына каршы жөө жүрүшкө чыгышты

Бүгүн, 18-декабрда Бишкекте жаш активисттер абанын булганышына каршы жөө жүрүшкө чыгышты. Алар темир жол вокзалынан тартып, Ала-Тоо аянтына чейин барышты. Активисттер “Шаарды тазалоого кеч эмес”, “Дем алгым келет” деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Уюштуруучулардын максаты – абанын булганышына бийлик менен коомчулуктун назарын буруу.