Бишкекте жашы жете элек 3 бир тууган изделип жатат

Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон балдарды издеп жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

29-сентябрь күнү Биринчи май РИИБге жаран арызы менен кайрылган. Анда 2018-жылы туулган Эламан Султановду, 2012-жылы туулган Арууке Султанованы жана 2009-жылы туулган Елена Стреловскаяны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирген. Себеби алар ошол эле күнү Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен чыгып кетишкен.

Эгерде сиз дайынсыз жоголгон балдардын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, анда төмөнкү номурлар аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз: 0(700) 102-738 же “102”.